Жогорку Кеңештин аппаратынын бюджет жана финансы комитетинин бөлүм башчысы Абдикайым Оморов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, Абдыкайым Оморов узакка созулган оорудан улам 63 жашында көз жумган.
Ал Жогорку Кеңештин аппараттарында 22 жыл иштеп, эмгек жолун эксперт катары баштаган. 2015-жылдан бери Бюджет жана финансы комитетинин бөлүм башчысы болуп эмгектенген.