16:57
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Украинада каза болгон кыргыз жараны Таласта жерге берилди

Украинадагы согушта Кыргызстандын дагы бир жараны 38 жаштагы Руслан Полотов каза тапканы белгилүү болду. Бул маалыматты анын бир тууган иниси Ислан Полотов ырастады.

«Орусияга кеткенине эки жылдай болуп калган. Украинага качан кеткенин айта албайм. Ал жакка өз эрки менен кетиптир. Луганск облусундагы Рубежное шаарында каза болуптур. Сөөгүн Москвадан алып келип, 3-июнда жерге бердик. Ал Кыргызстандын эле жараны болчу, орус жарандыгын алайын деген ниети болгон эмес», — деди Ислан Полотов.

Маркум Руслан Полотов Таластагы Үч-Коргон айылында каттоодо турганын айыл өкмөт кызматкерлери тастыктады.

«Акипресс» сайтынын маалыматында Руслан Полотов Москвадагы жогорку аскердик окуу жайынын бүтүрүүчүсү экени жазылган. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин алдындагы атайын багыттагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн.

Президенттин алдындагы башкаруу академиясында жогорку билим алгандан кийин эмгек жолун Талас облустук акимчилигинде баштаган. Орусияга кеткенге чейин Таласта АРИС программасында иштеген.

Маалыматта үй-бүлөлүү, эки баланын атасы экени да көрсөтүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар