14:31
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Донецктен качып бараткан тажик жараны менен аялы каза болду

Донецк облусунун орусиялык жикчилдер көзөмөлдөп турган аймагынан чыгып бараткан Тажикстандын жараны менен анын украиналык жубайы каза болду.

62 жаштагы Ёдали жана Татьяна Муборакшоевдердин сөөгү 13-апрелде Украинанын Чернигов облусундагы Козелец кыштагында жерге берилди.

Маалыматка караганда, окуя 9-апрелде болгон — жубайлардын автоунаасы аткылоодон качып бараткан маалда жол кырсыгына кабылган.

Донецк облусунун бир бөлүгүн украин аскерлери, экинчи бөлүгүн орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөп турушат. Буга чейин Батыш өлкөлөрү Орусия Донецк жана Луганск облустарын толугу менен өз көзөмөлүнө алуу үчүн Украинанын чыгыш бөлүгүнө катуу чабуул жасоого даярданып жатканын билдиришкен.

Украинада иштеп жүргөн Хамидулло аттуу тажикстандык мигранттын айтымында, Ёдали Муборакшоев Донецк облусунда 1994-жылдан бери жашап келген жана украин жарандыгын алган. Анын артында эки баласы калды.

24-мартта Орусия Украинага басып киргенден бери миңдеген киши өлүп, жаракат алды. Миллиондогон украин качкынга айланды.

Эң көп окулган жаңылыктар