05:01
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Чоң-Алайдагы жол кырсыгында үч киши каза тапты

Чоң-Алай районундагы Ош — Сары-Таш — Карамык унаа жолундагы кырсыкта эки жаш бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Унаа жолдун 66-чакырымында Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын чиркегичиндеги контейнер карама-каршы жолдо келе жаткан Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын кабинасына түшүп кеткен.⠀

Кырсыктын кесепетинен төрт жана алты жаштагы балдар каза болушту. Алардан тышкары, 34 жаштагы эркек киши мерт кетип, дагы бирөө жабыркаган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды жана каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар