15:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Түркияда 40 жаштагы кыргыз жаранын каза тапты

Түркияда 40 жаштагы кыргызстандык аялдын сөөгү токойдон табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу билдирет.
 
Маалыматта кыргыз аялынын денесинен зомбулуктук белгилери аныкталганы айтылат.
 
«20-июнь түнү Гиресун провинциясынын токоюнан аялдын жансыз денеси табылып, ал 1982-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны К.Н. болуп аныкталды. Учурда укук коргоо органдары тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, адам өлтүрүүгө шектелген түрк жарандары М.А. жана Х.Ч. кармалды», — дейт дипөкүлчүлүк.
 
Түрк маалымат каражаттарынын маалыматында, М.А. аттуу түрк жараны кыргыз аялынын жарандык никедеги күйөөсү. Ал кызганычтын негизинде аялын өлтүргөнүн, экөөнүн ортосунда баласы бар экенин айткан.
 
Эң көп окулган жаңылыктар