11:00
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Кытайда чоң марафондун 21 катышуучусу мөндүр алдында калып каза тапты

Кырсык Кытайдын Ганьсу провинциясында болду. Марафон аба ырайы жакшы болуп турган учурда башталып, эч жамандыктан белгиси жок эле. Бул тууралуу ВВС Кыргыз кызматы билдирет.

Марафонго баардыгы 172 адам катышып жаткан. Алар чуркап баштагандан бир топ убакыт өткөндөн кийин аба ырайы бузулуп, катуу шамал жүрүп, мөндүр жаай баштаган.

«Синхуа» агенттигинин маалыматы боюнча 172 жөө күлүктүн дайыны чыкпай калганда марафон токтотулган. Жоголуп кеткендерди издөөгө 1200 куткаруучу жиберилген.

Жөө күлүктөрдүн бири Мао Шучши 24 км чуркап өтүп, аба ырайы бузула баштаганда токтоп калганын «Рейтер» агенттигине айтып берди. Көрсө, бийик тоо шартында үшүп калган учурлар анын башынан өткөн экен, ошондуктан күн сууктай баштаганда эле чуркоону токтотуптур.

Ал эми калгандары майка менен шорта кийип жүргөнүнө карабай, чуркоону уланта беришкен экен. Синоптиктер жаан болорун билдирген, бирок мынчалык катуу суук болуп кетет деп ойлошпоптур.

Расмий маалыматка караганда, марафонго катышкандардын ичинен 151 жөө күлүк аман-эсен, бирок алардын сегизи жаракат алыптыр, кээ бирлери үшүп калыптыр.

Байинь шаарынын мэри инцидентти атайын түзүлгөн топ иликтей баштаганын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар