Кыргыздын эмгек сиңирген артисти, залкар талант Жыргал Көбөгөнова дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз драма театрынан пресс-кызматы маалымдады.
Жыргал Көбөгөнова кыргыз маданиятына зор салым кошкон инсандары Кыргыз эл артисти Абдыашым Көбөгөнов менен Сайрагүл Балкыбекованын кызы. Ал 1948-жылы 1-январда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жарык дүйнөгө келген.
Жыргал Көбөгөнова чыгармачылыкка 4-классынан тартып аралаша баштаган. 8-классынан тарта, башкача айтканда 1963-жылы «Союз-госцирктин» Бишкектеги Цирк өнөрү студиясында машыгып жүрүп, 1964-жылы Кыргыз цирктин ачылышында алгачкылардан болуп аба гимнастикасынын ролун аткарып, цирктин чамгарагында чарк айланып бийлеген. Ал эми 1971-жылы уюшулган алгачкы «Бий ансамблине» бийчи жана алып баруучу катары чакырылган. Бий ансамбли менен Союздун бүт булуң-бурчуна, чет мамлекеттерге барып, Күнөстүү Кыргызстандын искусствосун даңазалап келген.
1972-жылдан баштап, Ош областтык драма театрында актерлук кесипти аркалап, ийгиликтүү ролдорду жараткан. 1997-жылы Кыргыз театр искусствосуна сиңирген эмгеги үчүн Жыргал Көбөгөновага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген жогорку наам берилген.