20:00
USD 76.84
EUR 90.50
RUB 1.04

Президенттин расмий сайты жарыялаган Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусу өчүрүлдү

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кечээ жалпы журтка кайрылуу жасаган. Кайрылууда президент мекендештерди мындай оор кырдаалда биригүүгө жана ынтымакка чакырган.

Сооронай Жээнбековдун кайрылуусу дээрлик бардык ММКларда жарыяланган. Жада калса социалдык тармактарда, мессенджерлерде кенен жайылып кеткени баарыбызга маалым. Ошондой эле президенттин пресс-кызматы расмий сайттын Youtube каналына дагы жүктөгөн. Өлкө башчынын элге болгон кайрылуусу кызуу талкуу жаратып, бири колдоого алса, экинчиси катуу сынга алды. Көп өтпөй каналдан видео ыкчам түрдө өчүрүлдү. Бирок видео эл арасында кенен тараган соң, президенттин пресс-кызматы видеону кайра жүктөгөн. Ал эми сюжеттин алдындагы билдирүүлөр жаңыртылды.

Аткаминерлер кечээ кечинде өлкө башчынын элге кылган кайрылуусунун видеосун эч кандай себебин айтпай туруп бардык жактан өчүрүшкөн.

«Бул видео жүктөгөн колдонуучу тараптан өчүрдү», — деп жазылууда.

Сооронбай Жээнбековдун пресс-кызматы Толгонай Стаматалиева азырынча буга карата түшүндүрмө бере элек.