18:39
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков Дубайдагы жолугушуу тууралуу билдирүү жасады

Кыргызстандын мурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Дубайда өткөн азыркы президент менен экс-президенттердин жолугушуусу тууралуу пикирин айтты.

Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган билдирүүдө Жээнбеков президент Садыр Жапаров жолугушууну эл биримдигин бекемдөө максатында уюштурганын, муну жыйынга келгендердин бардыгы кубаттаганын белгиледи. Ал катышуучулардын бардыгы, толук курамда, аягына чейин отурганын жазган.

«Садыр Жапаров Дубайдагы жолугушууга чейин Алмазбек Атамбаев экөөбүздү жолуктурганын айтты. Ооба, экөөбүздү элдештирүү максатында президент бир үстөлгө отургузуп, жолуктурган. Экөөбүз тең өз пикирибизди айтып, аягында кол алышып, тараганбыз. Ар бир пенде Кудай алдында жоопкер... Баарыбызды биримдикке чакырып, президент өз милдетин аткарды. Эми биз да жаран катары милдеттерибизди аткаралы», — деп жазган Сооронбай Жээнбеков.

Мурдараак экс-президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн мурдагы жана азыркы президенттеринин жолугушуусу тууралуу билдирүү таратып, жыйындын ортосунда коштошпой чыгып кеткенин айткан.

«Өлкөдө тынчтык жана биримдик орнотуу менен Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу — эки башка нерсе. Бул экөөнү бириктирүү таптакыр башка жыйынтык берет. Көп кан төгүлгөн, аны унутуу мүмкүн эмес. Президент Садыр Жапаров мени укту жана туура чечим чыгарат деп үмүттөнөм», — деп жазган ал.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев «Азаттыкка» курган маегинде өлкөнүн мурдагы жана азыркы президенттеринин жолугушуусун тарыхый окуя катары сыпаттап, мамлекеттүүлүктү бекемдей турган аракет деп билдирген эле.

18-февралда президент Садыр Жапаров мурдагы беш президенттин башын бириктиргенин Фейсбуктагы баракчасына жазган. Мындай кадамга эл-жердин ынтымагын ойлогону үчүн барганын түшүндүргөн. Социалдык түйүндөргө комментарий жазгандар мурдагы президенттер арасынан Бакиев гана өлкөгө келе албай жүргөнүн, Дубайдагы жолугушуудан кийин ага жол ачылышы ыктымал экенин белгилешкен.

20-февралда президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбукта билдирүү таратып, «мурдагы президенттердин кайсы бирин мыйзам жоопкерчилигинен бошотуп, аларды өлкөгө кайтарып келүү жөнүндө сөз айтылган жок» деп билдирген. Ал жыйынга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева жана Садыр Жапаров катышканын тактаган.

21-февралда президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине интервью берип, экс-президенттерди чогултуу максаты «ынтымакка алып келүү» болгонун, жолугушууда муну баары кубатташканын, сүйлөшүү төрт саатка жакын созулганын айткан. Ошондой эле ал коомчулукта Курманбек Бакиев боюнча айтылып жаткан сын-пикирлерге жооп берип, «Бакиевге соттун чечими бар экенин, келсе камакта олтурушу керектигин» белгилеген.

Эң көп окулган жаңылыктар