15:44
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Күндүзгү стационарларга дарыгерлер кабыл алынууда. Айлык акысы күнүнө 2 миң сом

Күндүзгү стационарларга дарыгерлер жана медайымдар керек. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев Facebook баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, дарыгерлерге күнүнө 2 миң сом айлык акы берилет.

«Күндүзгү стационарларга медицина кызматкерлери керек. Биз тамак-аш, айлык маянасын камсыздап беребиз. Иш убактысы 8:00дөн 20:00гө чейин. Күндүзгү стационарлардагы медициналык кызматкерлердин санын кеңейтебиз», — деп жазган.

Бүгүнкү күндө төрт раййондо жайгаштырылган стационарларда 32 дарыгер, 13 ординаттар, 63 медайым жана ыктыярчылар иш алып барышууда.

Буга чейин бир күнгө улуу дарыгерлерге 2 миң 300 сом, орто медициналык кызматкерлерге 2 миң сом жана кичи медайымдарга 1 миң 800 сом берилери маалымдалган.

Белгилей кетсек, премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык кызматкерлердин жана медициналык уюмдарда эмгектенгедердин, кызыл зонада иштегендердин айлык акылары 23-30 пайызга чейин көтөрүлөөрүн айткан. Эгер буга чейин 29 дарыгер 47 миң сом алган болсо, 1-июлдан баштар 72 миң алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар