23:21
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Коронавирус илдетинен үч адвокат көз жумду

Кыргызстанда ушул жума ичинде үч адвокат коронавирус илдетинен каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине юрист Бактыбек Жумашев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус илдетинен Темир Муратов, Кайрат Загибаев жана Мирсултан Махмудов дүйнө салды.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевден вирус аныкталганы белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, ЖАМК жана УКМКнын тергөө абагынынын администрациясы абакта отургандар жактоочу, юрист жана туугандары менен болгон жолугушууларга чектөө киргизген.

Алар илдетке байланыштуу тест тапшырып, коронавирус эмес деген тактама алуулары керек. Алгач бул тартип Бишкектеги 1- тергөө абагында тергөөдөн өтүп жаткандарга гана тиешелүү болгон. Бирок, Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевден эки жактуу пневмония аныкталганы белгилүү болгондон кийин УКМК жолугушууларга чектөө киргизген. Ал эми жактоочулар кардарларына мындан кийин тактамасы жок киргизбей тургандыгын билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар