21:02
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кара-Суу районунун тургундары 2010-жылы жоголгон куралдарды сактап калышкан

Ош облусунун Кара-Суу районунда 2010-жылдын июнь окуяларында жоголгон курал-жарак жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин милиция бөлүмүнө Мады айылынын тургуну мыйзамсыз курал сактагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошол эле күнү бир жаран өз ыктыяры менен эки АК-74 мылтыгын кутучасы менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүп берген.

«Дагы бир райондун тургунунан эки кутуча, АК-74 жана АКС-74У мылтыгынын 51 патрону табылды. Факт Жазыктардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси боюнча катталды. Учурда экспетизалар дайындалып, ок дарылар жана куралдар кайсы аскер бөлүмүнө таандык экендиги аныкталууда», — деп берилет маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар