14:05
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кылмыш тобунун мүчөлөрү Кара-Кечеден көмүр ташыганы үчүн кармалды

2022-жылдын 7-декабрында КР УКМК жана Нарын облусунун ИИБ менен биргеликте, «Кыргыз-Көмүр» МИнын Кара-Кече кенинен көмүрдү мыйзамсыз чыгарып кеткендиги үчүн, күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде эл үчүн жеңилдетилген арзан баада аныкталган № 24 бөлүмдөн, Саяк каймана аты бар К.М. жана Мики Чор каймана аты бар Ж.М. аттуу Жумгал районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде өлкө жетекчилиги Кара-Кече көмүр кенинин № 24 профилдик участогун эл үчүн тоннасына 4 миң сомдон арзан баада аныктаган.

Ошентип, К.М. жана Ж.М. 2022-жылдын 30-ноябрынан 1-декабрына караган түнү «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлерине күч колдонобуз деп коркутуп, жеке баюу максатында ал жерден өзүм билемдик менен көмүр ташып кетишкен.

Учурда алар Нарын шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар