15:30
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Чаткалдагы кызмат адамдары алтынды мыйзамсыз сатканы үчүн кармалды

Жалал-Абад областтук башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин («Коррупция») негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, алтынды мыйзамсыз ташуу учурунда алтынды мыйзамсыз казып, сатууну жашыруу максатында Чаткал районунун кызмат адамдары менен кылмыштуу келишим түзгөн, алтын-кен компаниянын башкы директору кармалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сѳз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иликтөө иштеринин жүрүшүндө экологиялык коопсуздукка, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына коркунуч жаратканын эске албастан, Чаткал районунун кызмат адамдары менен компаниянын өкүлдөрү материалдык пайда көрүү максатында жең учунан сүйлөшүп алган фактылар аныкталды.

Каралып жаткан кылмыш ишинин алкагында Чаткал районунун төмөнкү кызматкерлери кармалган:

  • Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы С.К.К.;
  • Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ж.Н.Ж.;
  • Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.А.К.;
  • Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Регионалдык дирекциянын Чаткал району боюнча көзөмөл-инспектордук кызматынын башкы инспектору Б.З.Ж.

Мындан тышкары, алтын өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү да кармалган.

Жогорудагы адамдарга өзгөчө оор кылмышка шектелип айып тагылып, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар