17:47
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Жеке ишкерлерден опузалап акча алган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Жеке ишкерлерден опузалап акча алган Камчы Көлбаевдин уюшулган кылмыштуу топ мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2022-жылдын 5-сентябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүндө («Уюшкан топ түзүү же ага катышуу») боюнча каралып кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштин алкагында, кылмыштуу топту уюштуруп, алардын аракетинде кылмыштын белгилери байкалып, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын системалуу түрдө опузалап алуу боюнча, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү — 1984-жылы туулган Абдулдабеков Эдил Муратович, 1993-жылы туулган Дөөлөтбек уулу Бекзат, 1972-жылы туулган Лепихин Александр Александрович, 1972-жылы туулган Кирчанов Дмитрий Викторович, 1895-жылы туулган Токтакунов Кенешбек Шайлобекович, 2001-жылы туулган Тыныбек уулу Мээримбектер кармалышты.

2022-жылдын 5-сентябрында жогоруда аталган адамдар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, Көлбаевге таандык кылмыштуу тобунун башка мүчөлөрү аныкталууда.

Жогорудагы адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо КР УКМКнын 0312640475 ишеним телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Эң көп окулган жаңылыктар