19:11
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Пара доолаганы үчүн коомдук бирикменин мүчөсү кармалды

Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) тууралуу козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, акча каражатын алып жаткан жеринен «Мыйзам Нуру Коррупцияга каршы коомдук жардам» коомдук бирикмесинин инспектору Т.Г.Б. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Т.Г.Б. Жалал-Абад облусундагы бала бакчалардын биринин директорун, колунда бар делген компроматты укук коргоо органдарына өткөрүп берем деген коркутуу менен акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.

Кармалган адам КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар