18:18
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Кыргызстанга Испаниядан оор кылмыш жасаган кылмышкер алынып келинди

Оор кылмыш жасагандыгы боюнча издөөдө жүргөн айыпкерди экстрадициялоо тууралуу суроо-талап Испаниянын Юстиция министрлиги тарабынан канааттандырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 2021-жылы айыпталуучу Э.уулу.А. А.Б. аттуу жаранды бычактап, ден-соолугуна оор зыян келтирип, өлкөдөн качып кеткен. Ага карата укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөө жарыяланып, Испаниянын Мадрид шаарында кармалган.

2023-жылдын 22-февралында Башкы прокуратуранын тапшырмасы боюнча Кыргызстандын ИИМ кызматкерлери тарабынан Бишкекке алынып келинди.

Эң көп окулган жаңылыктар