14:23
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Жети-Өгүздө 6 айдын ичинде жашы жете элек балдар тарабынан 21 кылмыш жасалган

Жети-Өгүз районунун аймагында 2022-жылдын 6 айында кылмыштардын бирдиктүү реестрине жашы жете элек балдар тарабынан жасалган 21 кылмыш жана жашы жете электерге карата кылмыштардын бирдиктүү реестрине 6 кылмыш катталып, анын ичинен уй-бүлөлүк зомбулук 1, 1 зордуктоо, 2 башка кылмыштар, ал эми өз өмүрүнө кол салуу боюнча 2 факты катталган. Бул тууралуу райондун прокуратурасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 27-июнь күнү Кызыл-Суу айылындагы Салкын-Төр кафесинин жанында 17 жаштагы К.А.Т. эки жашы жете элек балдар тарабынан зордукталып, аларга карата Кыргыз Республикасынын КЖКнын 154—бер. 2-бөл. 1-п. жана 3-бөл. 2-п. менен башкача айтканда адамдар тобу тарабынан 14 жаштан 18 жашка чейинки балдарга карата зордуктоо боюнча кылмыш иши козголуп, айыптоо актысы бекитилип, райондук сотуна негизинен кароого жиберилген.

Андыктан, райондун аймагында жашы жете электер тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштарды алдын алуу максатында, Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан 40 мектептин арасында «Жашы жете электеридин арасындагы кылмыштуулук жана аны алдын алуу» жөнүндө атайын кыска видео тасма сынагы жарыяланып, анын жыйынтыгы менен мектеп окуучулары белектер менен сыйланды.

Бул багытта райондук прокуратура тарабынан иш уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар