15:09
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Мухаммедкалый Абылгазиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнө карата козголгон кылмыш иши токтотулганын 8-сентябрда журналисттерге билдирди.

Ал Дача СУ каргашасын иликтеген коомдук комиссиянын жыйынына маалымат берүү үчүн чакырылган учурда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди. Экс-премьер-министр иш былтыр август айында кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу токтотулганын тактады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул боюнча маалымат жок экенин кабарлады. Башкы прокуратура да ырастай элек.

Абылгазиев Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 20-августтагы чечими менен чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде үйүнө бошотулган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы ал мамлекетке 50 миллион сом төлөп бергенин билдирген.

Аны УКМК былтыр 26-январда коррупция жана мыйзамсыз баюу беренелерининн негизинде кармап, ал «өкмөт башчы болуп турганда мыйзам бузуп, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгонун, натыйжада кендин жалпы аймагы эки эсе көбөйгөнүн» маалымдаган.

Атайын кызмат белгилегендей, бул токтом кабыл алынып жаткан кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу.

Мындан тышкары, атайын кызмат «Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштырыш үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган жана тандалма көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган, кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон» деген маалымат тараткан.

Эң көп окулган жаңылыктар