Премьер-министр Кубатбек Боронов Өкмөт үйүнүн алдынан түшкөн сүрөттөрүнө карата айтылган президенттин жана элдин сынын мойнуна алды.
Анын айтымында, аппараттын кызматкерлери экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен эстелик катары сүрөткө түшүүнү суранышкан. Өкмөт башчы сүрөткө түшкөнгө чейин баарынын бет кабы бар болгонун айтат.
«Азыр мен ошол учурда көңүл бурбуганыма өкүнүп жатам. Биздин алты ай бою кылган эмгегибизге ошол көз ирмемдер көө жаап кетти. Албетте коомчулук тарабынан катуу сынга алындык», — дейт Кубатбек Боронов.
Премьер-министр кыргыз элинен кечирим сурады.
Премьер-министри жана коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси катары жалпы журттан кечирим сурайм.
Кубатбек Боронов
Тартипти сактоонун эң негизги талабы бет кап менен аралыкты сактоо экенин эскерте кетти.
«Коопсуздук кеңеш өзүнүн сунушун билдирди, биз дагы төмөндөгүдөй чечимге келдик. Мыйзамдын негизинде өзүм баш болуп, вице-премьер-министрлер, аппараттын жетекчилери жана экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айып пул төлөйбүз. Аппараттын катардагы кызматкерлерин жетекчилери чакыргандыктан аларга айып пул салынбайт», — деп билдирди Кубатбек Боронов.
Бүгүн Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чакан курамынын жыйынында өкмөт мүчөлөрүнүн санитардык норманы сактабагандыктары үчүн айып төлөөлөрүн буюрган.
Буга чейин айрым кыргызстандыктар, медиктер коронавирус жөнүндө жалган маалымат тараткандыктары үчүн камера алдында кечирим сурагандары баарыбызга маалым. Коомчулук өкмөт мүчөлөрүнүн тартип бузгандыктары үчүн катуу сынга алышты. Натыйжада өкмөт кызматкерлери элден кечирим суроону өздөрү суранышканын прокуратурадан билдиришти.