03:09
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

175 уюмдун лидери депутаттардын ӨЭУ боюнча киргизген түзөтүүсүнө каршы

175 бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү парламенттик депутаттарга коммерциялык эмес уюмдарды каржылоо булактары жөнүндө отчет берүүнү талап кылган чуулгандуу түзөтүүнү колдобошун суранып кайрылышты.

Укук коргоочулардын айтымында, демилгечилер тарабынан кескин түрдө көтөрүлүп жаткан мыйзам долбоору президенттин Кыргызстанда жарандык коом институттарын өнүктүрүү боюнча демилгелерине карама-каршы келет, ал 2018-2040-жылдарда Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында чагылдырылган.

«Демилгечи депутаттардын чыныгы максаты —мамлекеттин адилетсиз мыйзамдарына каршы чыгып, жемкорлукту ачып, адилеттүүлүктү, тең укуктуулукту, кадыр-баркты жана эркиндикти талап кылган уюмдарды жаманатты кылуу жана куугунтуктоо. Мыйзам долбоорунун демилгечилери тарабынан бейөкмөт уюмдарга коюлган бардык айыптар негизсиз жана жалган, ошондой эле Кыргызстанды зыянга учураткан бир дагы факты катталган эмес. Бизди таң калтырганы улуттук коопсуздукка коркунуч туудуруп жаткан коммерциялык эмес уюмдарды бюрократиялык тоскоолдуктар жана мыйзамга баш ийбеген текшерүүлөр менен эмес, факт боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде тийиштүү мыйзамдарын бузган учурда гана отчет талап кылышы керек деп ишенебиз», — деп айтылат кайрылууда.

Биз Кыргызстандагы коомдук уюмдардын лидерлери жана активисттери, демилгечилердин өкмөттүк эмес сектордун ишмердүүлүгүн каралоого жана негизсиз айыптоолорго каршылык билдиребиз.

Демилгечилердин пикири боюнча, БӨУлөргө карата берилип жаткан тышкы жардам Кыргызстанга коркунуч алып келет.

«Кыргызстанга тышкы жардамдын көпчүлүк бөлүгү мамлекеттик органдар аркылуу берилет. Эгемендик алгандан бери Кыргызстан 9 миллиард доллардан ашык тышкы жардамды кабыл алгандыгы, анын 70 пайызы насыялар экендиги, тышкы карыздын катышы өлкөнүн 60 пайызын түзөрү айтылды», — деп билдирет жарандык активисттер.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик карыз 4 миллиард доллардан ашык.

Укук коргоочулардын айтымында, бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет жана Конституцияда белгиленген адам укуктарын коргоого жана демократиялык иш-аракеттерге, максаттарга туура келет. Кошумча жасалма отчеттуулук боюнча дискриминациялык мыйзамдын туруктуу илгерилетилиши, өкмөттүк эмес уюмдун өзүнөн баш тартууга жана эл аралык эксперттердин жарандардын ассоциацияга болгон укугу жаатындагы таанылган стандарттардан олуттуу четтөөлөргө негизделген сын-пикирлери өлкөнүн демократиялык өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет.

«Бул мыйзам долбоору өлкөнүн Конституциясына карама-каршы келгендиктен, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирет деп ишенебиз», — деп жазылат кайрылууда.

Эске сала кетсек, 4-мартта Жогорку Кеңеште биринчи окууда КЭУлар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, коммерциялык эмес уюмдарды каржылоо булактары жөнүндө отчет берүүгө милдеттендирилген. Укук коргоочулар аны дискриминация деп атап, демилгечилерден мыйзам долбоорун алып салууну суранышты.

Эң көп окулган жаңылыктар