03:43
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан элинин ассамблеясын каржылоого 25 миллион сомдон ашык каражат керек

«Кыргызстан элинин ассамблеясы жөнүндө» мыйзам долбоору жаңы редакциясында коомдук талкууга коюлду.

Маалымкат-негиздемеде болгиленгендей, Кыргызстанда 100дөн ашык этностук топтордун өкүлдөрү жашайт. Калктын 74 пайызын кыргыздар, 26 пайызын башка этностордун өкүлдөрү түзөт.

Кыргызстан элинин ассамблеясы 1994-жылдын 22-январында түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ассамблеянын курамына 30 этностук коомдук бирикме (этностук маданий борборлор) кирет жана Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарында аймактык бөлүмдөрү бар.

Ассамблея коомдук уюм болгондуктан өлкөдөгү коомдук ынтымакты жана этностор аралык мамилелердин биримдигин камсыздоого багытталган маданий иш-чаралар бюджеттен каржыланбайт.

 Мыйзамдын долбоору менен ассамблеянын мамлекеттик-коомдук уюм катары укуктук макамын аныктоо сунушталууда.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылат. Ассамблеяга 25 миллион сомдон ашык каражат керек. Анын ичинен 18 миллион сомдон ашык акча кызматкерлердин эмгек акысына жумшалат. 

Эң көп окулган жаңылыктар