04:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Чет элдик агент мыйзамы. Американын ушул эле мыйзамынан эмнеси менен айырмаланат

Жогорку Кеңеш Надира Нарматова демилгеп жаткан чуулгандуу «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун карап баштайт. Жарандык коом бул мыйзам долбоорун колдобоого чакырат, анткени документ демократиялык принциптерди бузат жана коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн чектейт.

Бирок долбоордун автору мындай мыйзам Америкада да бар деп ырастоодо.

Чынында депутат коомчулукту адаштырып жатат. Аталышынан тышкары, чет элдик агенттер жөнүндөгү бул эки мыйзамдын эч кандай окшоштугу жок.

24.kg редакциясы Надира Нарматованын мыйзам долбоору менен чет элдик агенттерди каттоо жөнүндө мыйзамдын негизги айырмачылыктарын сунат (Foreign Agents Registration Act (FARA).

Мыйзамдар жана долбоорлор

АКШ

Чет элдик агенттерди каттоо жөнүндө мыйзам (FARA) 1938-жылы кабыл алынып, 1966-жылы колдонуу чөйрөсүн кыскартуу үчүн оңдолгон.

Кыргызстан

Бүгүнкү күндө чет өлкөлүк агенттер тууралуу эки мыйзам долбоору бар — президенттин администрациясынын жана депутат Надира Нарматованын. Эч бири кабыл алынган эмес.

АКШ

Фашисттик Германиянын жана саясий лоббилердин таасири менен күрөшүү үчүн иштелип чыккан.

Кыргызстан

Дээрлик толугу менен ушундай эле Орусиянын репрессиялык мыйзамынан көчүрүлүп алынган. «Агент» сөзү «өкүл» деген сөз менен алмаштырылгандыгы менен гана айырмаланат.

Чет элдик агент деген ким?

АКШ

Чет элдик агенттер деп чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча расмий түрдө келишим түзгөндөрдү атайт.

Кыргызстан

Чет элдик агенттер деп башка өлкөлөрдөн каржылоо алып, саясий ишмердүүлүк менен алектенген бейөкмөт уюмдарды атоо сунушталууда.

Эмне үчүн иштелип чыкты?

АКШ

Башында коммунисттик жана нацисттик пропаганданы чектөө үчүн, колдонуу масштабы кыскартылгандан кийин далилденген саясий, бирок экономикалык эмес лоббизмдин учурлары үчүн иштелип чыккан.

Кыргызстан

Коммерциялык эмес уюмдардын ишин чектөө үчүн, анткени алар чет өлкөдөн акча алып, саясий ишмердүүлүк жасашат деген жүйөө менен. Бирок бейөкмөт уюмдар саясатка аралашпайт, шайлоого катышпайт, саясий партиялар менен алака түзбөйт жана аларды каржылабайт.

Саясий ишмердүүлүгү

АКШ

АКШнын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, мамлекеттик программаларды ишке ашыруу жана кайсы бир адамдарды мамлекеттик кызматтарга бекитүү бонча кардардын атынан АКШ чиновниктери менен түздөн-түз иш алып баруу.

Кыргызстан

Түшүнүктөр так көрсөтүлгөн эмес. Өлкөдөгү кырдаал боюнча айтылган ар бир пикир саясий ишмердүүлүк болуп калышы мүмкүн.

Өзгөчөлүктөр жана эрежелер

АКШ

«Чет элдик кызыкчылыктар үчүн ишмердүүлүк жүргүзбөгөн» коомдук уюмдарга карата иштебейт. Бул чет өлкөлөрдөн каржылоо алып, адамдардын укуктары, демократия, укук үстөмдүгү жана социалдык жардам үчүн иштеген бейөкмөт уюмдар.

Кыргызстан

Өлкөдөгү сөз эркиндигин, жарандык жана саясий укуктрады жайылтуучу коммерциялык эмес уюмдарга багытталган.

Статусу жөнүндө кантип билүүгө болот

АКШ

Жаранды «чет элдик агент» реестрине анын кабары жок киргизе алышпайт.

Кыргызстан

Коммерцялык эмес уюмдар же жарандарга аларга чет элдик агент статусун берүү тууралуу кандайча билдирилери, негизи эле кабарланабы же жокпу деген ченемдер так жазылган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар