00:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Transparency International «чет өлкөлүк өкүл» мыйзамын кабыл албоого чакырды

 Transparency International эл аралык уюму Кыргызстандын парламентин бейөкмөт уюмдарга «чет өлкөлүк өкүл» деген макам берүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырды.

Уюмдун сайтындагы билдирүүдө «чет өлкөлүк өкүл» мыйзамы өлкөдө ансыз да кысымга кабылган жарандык коомду, бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн чектөөгө алып келери айтылат.

Уюм сунушталган мыйзам долбоору кыргыз бийлигинин адам укугу, сөз эркиндигине кысым көрсөтүү тендециясынын күчөтүп жатышынын бир бөлүгү катары кабыл алынарын белгилеген. Буга белгилүү активисттердин, журналисттердин камакка алынышын мисал келтирген.

Уюмдун Борбор Азия жана Чыгыш Европа боюнча регионалдык кеңешчиси Алтынай Мырзабекова Кыргызстан бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам долбоорун чакырытып алуу керек экенин айтты:

«Сунушталып жаткан мыйзам Кыргызстандын адам укугу боюнча эл аралык милдеттенмелерине шайкеш келбейт. Эл аралык коомчулуктун сын пикирине карабастан өлкөнүн чечим кабыл алуучу өкүлдөрү коркунучтуу программаны киргизүүгө аракет кылып жатат. Бул документ жарандык коомго коркунуч туудурат, ошондуктан кабыл алынбашы керек», — деди Мырзабекова.

Жогорку Кеңеш 22-февралдагы жыйынында «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду. Парламенттин отурумунда айрым депутаттар долбоор кабыл алынса билим берүү, гендердик теңчилик жана социалдык маселелерди чечүү боюнча иштеген уюмдарга кедергисин тийгизе турганын айтышты.

Коомчулукта «чет элдик өкүл» деген ат менен таанылган «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Автору Надира Нарматова «бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбосун» айтып келет.

Буга чейин Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу берилип, «Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн» деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе, беш жылдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Кийин ал үч жылдан беш жылга чейин кыскартылып, 20-февралда кылмыш жоопкерчилиги толук алынган.

«Адилет» укуктук клиникасы Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын «Чет элдик агенттер жөнүндөгү» мыйзамына 98 пайыз окшош экенин аныктаган.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул документ Орусиядагыдай эле «бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына» түртөрүн эскерткен.

Жогорку Кеңештин да айрым депутаттары Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле Салык кызматына каражаты тууралуу отчёт берип жатканын, документ алардын ишин көзөмөлдөп, жабууга чейин алып барарын билдирип жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар