19:36
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Парламенттин дагы бир комитети «ЖМК жөнүндө» мыйзамды караган жок

Парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун караган жок.

Комитеттин төрагасы Мурадил Сыдыков жыйынга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов катышуусу керектигин белгиледи.

Депутат Улугбек Ормонов мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн министрди чакыруу сунушун киргизди. Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов маданият министри Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкектеги музыкалык мектеп-интернаттарды текшерип жүргөнүн айтты.

Жыйынтыгында меселе күн тартибинен алынды.

Мамлекет башчысынын администрациясы, тактап айтканда, президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы жана жумушчу топтун жетекчиси Мурат Укушев «ЖМК жөнүндө» жаңы мыйзамдын долбоорун иштеп чыккан. Документ ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жарыяланган.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2022-жылдын декабрында мыйзамды иштеп бүтүрүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Бирок жарым жыл ичинде эки гана отурум болуп, документтин автору жана жумушчу топтун башчысы Мурат Укушев алардын бирөөсүнө гана катышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар