00:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Чет элдик агент жөнүндө мыйзам кворум чогулбаганына байланыштуу каралган жок

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин мүчөлөрү кворум чогулта алышкан жок.

Жыйында депутаттар «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине «чет элдик өкүл» (орус мыйзамындагы чет элдик агенттин аналогу) түшүнүгүн киргизүүнү караган өзгөртүүлөрдү талкуулашы керек болчу. Маселе күн тартибине киргизилген. 14.00дө жыйын залына мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Алишер Эрбаев гана келди.

«Биз бүгүн долбоорду кеңири талкуулашыбыз керек болчу. Бул мыйзам долбоору эмне үчүн демилгеленгени тууралуу айтып, кемчиликтери жөнүндө сүйлөшүш керек болчу. Өзүңүздөр көргөндөй, менден башка эч ким жок. Эгерде комитеттин төрагасы жок болсо, анын үч орун басары бар, алар жыйын өткөрүшү керек болчу», — деди Алишер Эрбаев.

Буга чейин жарандык коом өкүлдөрү президентке жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдоп, анда Надира Нарматованын демилгеси менен мыйзамдарга киргизиле турган өзгөртүүлөр негизги демократиялык принциптерге каршы келген нормаларды камтыганын жана алар кабыл алынса, коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдардын филиалдары менен өкүлчүлүктөрүнүн ишмердүүлүгүнө олуттуу чектөө коюларын баса белгиленген.

Эксперттер Кыргызстандын улуттук мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоо биринчи орунда турарын,  бирок коммерциялык эмес уюмдарды карап чыгуу жана аларга «чет элдик өкүлдөр» статусун берүү туура эмес пикир экенин эскертишкен.

«Адилет» укуктук клиникасынын жана «Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын юристтери да чуулгандуу демилгелерди кабыл алуу жарандык секторду жоюуга алып келерин билдиришкен. Алардын айткандары эске алынган эмес.

Кыргызстандыктар чет элдик агент жөнүндө мыйзамга каршы кол топтоп жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар