03:47
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Грузиянын президенти «чет элдик агент» мыйзамына вето коерун билдирди

Грузия парламенти 17-апрелде «чет элдик агент» деген аталышка конгон талаштуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Добуш берүү учурунда бир нече оппозициялык партиянын өкүлдөрү залдан чыгып кетип, каршылыгын билдиришти.

Жыйынтыгында добуш берүүгө катышкан 83 депутаттын баары «макул» деп добуш берди.

Ал арада өлкө президенти Саломе Зурабишвили бул мыйзам долбооруна вето коё турганын билдирди. Ошол эле маалда ал парламенттик көпчүлүк аны «жеңип чыгышы мүмкүн экенин» белгиледи. «Менин ветом — бул адамдардын добушу. Бул добуш угулушу керек», — деди президент «Би-Би-Сиге» берген маегинде.

15-апрелде долбоор юридикалык комитетте биринчи окууда каралып, кабыл алынган. Анда каржылоосунун 20 пайыздан ашыгы чет жактан болгон коммерциялык эмес уюмдардын жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) атайын реестрин түзүү каралган. «Чет элдик күчтөрдүн кызыкчылыгын алып жүрүүчү уюмдарды аныктоо» максатында иштелип чыкканы айтылып жаткан бул демилге колдоо тапса Юстиция министрлиги бейөкмөт уюмдарды жана ЖМКны каалаган учурда текшере алат.

Орусиянын бийликтин иши тууралуу ачык айткан, сындаган жарандык коом өкүлдөрүн жана журналисттерди, активисттерди «чет элдик агент» деп атап, куугунтукка алууга жол ачкан мыйзамынын көчүрмөсү катары сынга кабылып жаткан демилге Грузияда буга чейин да көтөрүлүп, 2023-жылдын 7-мартында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. Эртеси күнү нааразылык тутанган. Бир күндөн кийин бийлик долбоорду кайра чакыртып алууга мажбур болгон.

Ушул айдын башында бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы аракетин улантып, мыйзам долбоорун бир аз башкача аталыш менен парламенттин кароосуна кайрадан киргизген.

Анда биринчи варианттагы «чет элдик таасирдеги агент» деген түшүнүктүн ордуна «чет элдик кызыкчылыкты жүргүзүүчү уюм» деген вариант сунушталган.

15-апрелде мыйзам долбоору талкууланып жатканда парламентте мушташ чыккан. 17-апрелге караган түнү мыйзамга каршы акциянын дагы 11 катышуучусу кармалып, жалпысынан полиция кармап кеткендер эки күндө 25 кишиге жеткени кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар