19:39
USD 89.43
EUR 97.22
RUB 0.97

Эксперттер ЖМК жөнүндө мыйзамды кабыл алуунун терс кесепеттерин айтып беришти

Акыйкатчы институтунун эксперттери талдоо жүргүзүп, президенттин администрациясы тарабынан демилгеленген ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынса, кандай терс кесепеттерге алып келерин аныкташты. Ал бүгүн акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын демилгеси менен сөз эркиндигинин абалы жана «ЖМК жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору тууралуу техникалык кеңеш берүү учурунда сунулду.

Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев белгилегендей, дал ушул жалпыга маалымдоо каражаттары өзүнүн негизги маанисинде коомдун бардык маалыматтык чөйрөсүнүн башкы чагылдыруучусу болуп саналат жана мамлекетке, жарандарга дүйнөнүн адекваттуу жана толук образын түзүүгө жардам берет.

ЖМК коомдун ичинде ачык диалог үчүн аянтча болуп саналат, анткени алардын ишмердүүлүгүнүн негизги принциптерин биринчи кезекте ишенимдүүлүк жана объективдүүлүк түзөт.

Шухрат Айтиев

Ал жаңы технологиялардын өнүгүшүнөн жана дүйнө жүзүндө интернеттин баарына жеткиликтүү болушунан улам пайда болгон көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Булар туура эмес маалыматтар, жек көрүүнү козутуу, онлайн зордук-зомбулук жана террор сыяктуу кылмыштардын жаңы түрлөрү болуп саналат.

«Сөз эркиндиги менен башка адамдардын укуктарын сактоонун ортосунда балансты аныктоо зарыл. Бейтарап, көз карандысыз орган катары биз адам укуктары жана эркиндиктери чөйрөсүндөгү стандарттарды максималдуу түрдө камсыз кылуу жана толук сактоо үчүн бардык кызыктар тараптарды диалогго чакырабыз», — деп белгиледи акыйкатчынын орун басары.

Ал өз сөзүндө ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынса, кандай терс кесепеттери болорун белгилеп өттү. Документте кайсы веб-сайттар ЖМКнын аныктамасына кирери тууралуу так критерийлер жок.

Шухрат Айтиев белгилегендей, ишмердүүлүгүнүн түрүнө жана өзгөчөлүгүнө жараша бөлбөстөн милдеттүү каттоо киргизилген, бул каттоочу органдын кызматкерлеринин кеңири дискрециялык ыйгарым укуктарынан пайдаланышына алып келиши мүмкүн.

Мыйзамдын талаптарын бир нече жолу бузгандыгы үчүн же доону камсыз кылуу максатында ЖМКнын ишин мажбурлап токтотуу жөнүндө ченем киргизилип жатат. Бул объективдүүлүк жана пропорционалдуулук принциптерине туура келбейт.

Шухрат Айтиев

Мыйзамдын талаптарын бир нече жолу бузгандыгы үчүн же доону камсыз кылуу максатында ЖМКнын ишин мажбурлап токтотуу жөнүндө ченем киргизилип жатат. Бул объективдүүлүк жана пропорционалдуулук принциптерине туура келбейт.

Каттоодон өтүүдө интернет ресурстарына айрым мүнөздөмөлөрдү колдонуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылган (мисалы, продукцияны жайылтуу аймагы же чыгаруу убактысы).

«Мыйзам долбоорунда Санариптик өнүктүрүү жана Юстиция министрликтерине ЖМКны каттоо боюнча ыйгарым укуктарды берүү сунушталууда. Бирок тигил же бул ЖМКнын өзгөчөлүгүнө жараша кайсы мамлекеттик органга кайрылуу керектиги так көрсөтүлгөн эмес. Укук практикасында бул карама-каршылыктарга, башаламандыкка жана, балким, кош каттоо учурларына алып келиши мүмкүн», — деди эксперт.

Ал ошондой эле сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда ЖМКларга мамлекеттик органдар тарабынан жазуу жүзүндө эскертүү берүү тартиби жана мөөнөттөрү каралбаганын белгиледи. ЖМКнын эскертүүлөргө даттануу укугу да бекитилген эмес.

Эксперттердин пикири боюнча, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин жөнгө салуунун кыйла натыйжалуу альтернативдүү механизмдери бар, атап айтканда:

  • журналисттер үчүн укуктарды жана кепилдиктерди, анын ичинде ЖМК өкүлдөрүн коргоо боюнча мамлекеттин милдеттерин кеңейтүү;
  • катталган маалымат каражаттары үчүн кошумча артыкчылыктарды бере турган ыктыярдуу каттоо же кабарлоо жол-жобосун ишке ашыруу. Башка мамлекеттердин мисалдары көрсөткөндөй, көптөгөн өлкөлөр (Канада, Германия, Нидерланды, Норвегия, Улуу Британия жана АКШ) басма жана онлайн маалымат каражаттарын каттоо талабынан баш тартышкан;
  • табигый кырсыктар, өзгөчө кырдаалдар учурунда иш алып барган журналисттердин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган ченемдерди бекитүү зарыл.

Акыйкатчы институтунун эксперттик-укуктук секторунун башчысы Урмат Аралбаев өзүнүн талдоосунда демилгечилерди ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгууга чакырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунда ЖМКларды мамлекеттик каттоодон өткөрүүдөн баш тартуу каралган, бирок бул учурда ЖМКлардын даттануу укугу жөнүндө ченем жок.

«Бул, биздин оюбузча, даттануунун мөөнөтүн жана тартибин (анын ичинде соттук) аныктоо менен тиешелүү толуктоону талап кылат. Анткени, Конституциянын 61-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, тиешелүү мыйзамдарда ар бир адамдын укуктарын (анын ичинде ЖМКны каттоо укугу) жана эркиндиктерин соттук коргоо кепилденет», — деп белгиледи эксперт.

Толугу менен талдоону шилтеме аркылуу тапса болот.

Эң көп окулган жаңылыктар