04:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте 14 жаштагы кызды зордуктоого шектүү 24 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шектүү катары 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы 14-декабрда Сокулук районунун тургуну, 2019-жылы күзүндө Максат аттуу жигит кызын машинага салып зордуктаганын айтып милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмыш-жаза кодексинин «161-зордуктоо» беренеси боюнча сотко чейинки тергөө иши башталган.

«Кылмышка шектүү 24 жашта экендиги аныкталды. Издөөдө жүргөн жаран бүгүн саат 00.30 чамасында борбор калаадан кармалды, учурда убактылуу кармоочу жайда», — деп берилет маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар