02:39
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сузакта сабалган аял күйөөсүн кечирип, аны бошотууну суранат

Сузакта сабалган аял күйөөсүн кечирип, аны бошотууну суранат. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бек-Абад айылынын тургуну күйөөсүн кечирип, аны бошотууну суранган.

Белгилей кетсек, социалдык тармакта аялынын колун артка байлап, мойнуна кирпич салынган дөңгөлөк илип, бетине чаап, муздак суу куюп кыйнаган видео таркаган. Жергиликтүү милиция окуя 8-июнда Сузак районуну Бек-Абад айылында болгонун маалымдаган. Зомбулуктун курмандыгы болгон аял 47 жашта. Ал Эжесинин үйүнө барып, түнөп калганы үчүн күйөөсү кыйнап, видеону кайынэжесине жиберген.

Аялдын четте жүргөн уулу баласы келип, атасынын кылыгы үчүн кечирим сураганы белгилүү. 

Арыздын негизинде факт Кылмыш-жаза кодексинин «75-үй-бүлөлүк зордук-зомбулук» беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктар реестрине катталып, зөөкүр 15 суткага камалды.

Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдирүүсүндө, тосмо арызга карабай иш уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар