15:00
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк башталды

24.kg
Фото 24.kg. Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк башталды

Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк башталды.

Ал жыл сайын 25-ноябрдан 10-декабрга чейин өтүп, аялдарга жана кыздарга карата зомбулук көйгөйүнө көңүл бурууга багытталган.

Бул жылы маалыматтык кампания зордук-зомбулук жасалганга чейин аны жок кылуу үчүн алдын алуу стратегияларын каржылоонун маанилүүлүгүнө арналган.

Белгиленгендей, дүйнө жүзү боюнча ар бир үчүнчү аял зордук-зомбулукка кабылат. Бул анын физикалык жана психикалык абалына терс таасирин тийгизет. Көйгөйдү COVID-19 пандемиясынын кесепеттери, куралдуу кагылышуулар жана климаттын өзгөрүшү да татаалдаштырып, экономикалык коопсуздуктун жок болушуна жана жашоо үчүн каражат булактарына жетүүнүн кыйындашына алып келди.

Эң көп окулган жаңылыктар