06:12
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Депутаттар келиндин кулак-мурдун кесип салган жаранды жазалоону талап кылышты

Ички иштер министри креслосунан түшүп, коллегияда үй-бүлөлүк зомбулук маселесин көтөрүшү керек. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Гуля Кожокулова билдирди.

Депутат Сокулук районунда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган келин тууралуу эске салды.

Анын кесиптеши Нилуфар Алимжанова үй-бүлөлүк зомбулук маселеси социалдык тармактарга чыкканда гана көтөрүлөрүн белгиледи. Ал милициянын шектүүгө карата чара көрүшүн талап кылды.

«Эмне үчүн биздин өлкөдө резонанс жаралганда гана бул көйгөйдү көзөмөлгө алышат? Мен зордукчуга мыйзам чегинде чара көрүүнү талап кылам. Эмне үчүн мындай иштер биздин аялдар кыйналганда же өлгөндө гана көзөмөлгө алынат? Мындай үчүн жазаны күчөтүү керек. Милициянын окуя болгон жерге бир нече сааттан кийин келгени туура эмес», — деди Нилуфар Алимжанова.

Дагы бир депутат Гүлшаркан Култаева да чуулгандуу окуя боюнча комментарий берди. Анын айтымында, аялга карата мындай кордукту актоого болбойт.

«Үй-бүлөлүк зомбулук болгон учурда аялдар укук коргоочуларга кайрылышат. Бирок, көйгөйгө кайдыгер мамиле жасалгандыктан, азыр анын кесепеттерин азыр көрүп жатабыз. Мен үй-бүлөлүк зомбулук боюнча бардык арыздарды көтөрүүнү жана алар боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылам. Болбосо, бир канча убакыт өткөндөн кийин же аялдар майып болот, же өлөт», — деп белгиледи Гүлшаркан Култаева.

Эске салсак, 20-сентябрда 36 жаштагы аял бычактан жаракат алып ооруканага түшкөн. Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «ден соолукка оор залал келтирүү» боюнча кылмыш иши козголду. Атлаган факт боюнча 39 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Бүгүн бейтап реанимациядан жаак-бет хирургия бөлүмүнө которулду.

Эң көп окулган жаңылыктар