09:38
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аял күйөөсүн өлтүрүп, эки жылга камалды

Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аял күйөөсүн өлтүрүп, эки жылга колонияга камалды. Бул тууралуу Жогорку соттун токтомунда айтылат.

Ага ылайык, окуя 2021-жылдын 9-декабрында болгон. Жаңжал учурунда 35 жаштагы А.Ж. жолдошун ашкана бычагы менен төшүнө сайган. Ал алган жараатынан улам эсине келбей каза болгон.

Сотто айыпталуучу күйөөсү менен 2007-жылы үй-бүлө курушуп, бир баласы бар экендигин айткан. Мурун алар жакшы жашашчу. 2010-жылы ата-энесинин, агасы жана эжесинин өлүмүнөн кийин нерв оорусуна чалдыгып, бир нече жолу оорканага жатып чыккан. Жолдошунун жардамы менен депрессиядан чыгып, бирок аялдын жоготкон жакындарынын жылдыгынан кийин күйөөсү экөө майда себептер менен көп уруша башташкан. Андан ары күзүндө алардын ортосунда бат-баттан жаңжал чыгып, күйөөсү ата-энесин эске салып, моралдык жактан шылдыңдай баштаган.

«Күйөөмдү эч качан өлтүрөйүн деген эмесмин. Өзгөчө уруш учурунда өтүп кеткен ата-энем, агам, эжемди кесинткенде өзүмдү жоготуп, кармай албай калчумун», — деп билдирген айыпталуучу.

Ал окуя кантип болгонун эсинде жок экенин, жолдошу аны акча уурдоого айыптап, батирге кирип өлтүрөм деп коркутканын айткан.

Төрт күбөнүн көрсөтмөсүнө ылайык, А.Ж.нын күйөөсү менен мамилеси аябай оор болгон. Алар дайыма аны маанайы жок абалда жана денесиндеги көк-ала тактар менен көрүшчү. Кээде патрулдук кызмат дагы үй-бүлөлүк жаңжалды токтотууга келчү.

Иштин материалдарында айыпталуучуга үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандыгы үчүн берилген убактылуу коргоо ордеринин көчүрмөсү болгон.

Аялдын жашы жете элек баласы дагы ата-энеси финансылык көйгөйдөн улам көп урушкандарын, атасы азык-түлүк үчүн дагы акча бербегенин айткан. Андан тышкары, атасы апасына кол көтөрүп, ага болушууга аракет кылганда, аны да сабаганын билдирген.

А.Ж. соттун чечими менен аффект абалында адам өлтүрүү үчүн соттолгон. Ал жалпы режимдеги түзөтүү абагында жазасын өтөө менен эки жылга эркинен ажыратылган.

Эң көп окулган жаңылыктар