05:01
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Студенттер Акаевдин лекция окушуна каршы кайрылуу жолдошту

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин айрым студенттери окуу жайда мурдагы президент Аскар Акаевдин лекция окуусуна каршылык билдирип чыгышты. Алар 21-майда окуу жайдын ректорунун атына кайрылуу жолдоп, анын тексти студенттердин Телеграмм каналына жарыяланды.

Студенттердин бири Элхан Алыбаев Телеграмга «Акаевдин качандыр бир келечегин уурдап алган жаш муундун алдында лекция окуу дымагын — мен шылдыңдоо катары эсептейм», — деп жазды.

Ректорат кайрылуу тууралуу комментарий бере элек.

2005-жылы март окуясында кызматынан четтетилип, Кыргызстандан чыгып кеткен мурдагы президент Аскар Акаев жубайы Майрам менен чогуу 20-майда Казакстан аркылуу Кыргызстанга келгени кабарланган. Анын санаалаштарынын бири Бекболот Талгарбеков Аскар Акаев Кыргызстандын жогорку окуу жайларында лекция окуй турганын билдирген.

Үй-бүлөсү менен Москвада башкалкалап жүргөн Аскар Акаев өткөн аптада Казакстандагы окуу жайларда лекция окуп келген.

Аскар Акаев 2005-жылдан бери Кыргызстанга алгачкы жолу 2021-жылы 2-августта «Кумтөр иши» боюнча тергөө менен кызматташуу үчүн келген. Ал Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин кайра Орусияга кеткен. 14-декабрда ушул эле иш боюнча тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн экинчи жолу келген.

Жарандык коомдун өкүлдөрү бул үчүн бийликти сындап, Аскар Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышкан.

Акаевге 1992-жылы «Кумтөр» долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу тагылган айыптардын баарын мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын Башкы прокуратура билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар