19:47
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Дастан Догоев отставкага өз каалоосу менен кетип жатканын ачыктады

Дастан Догоев Гарвард университетине тапшыруу маселесин президент жана премьер-министр менен макулдашкан. Бул тууралуу ал отставкага кеткендигин ачыктоо иретинде маалымдады.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы Дастан Догоев, 2020-жылдын башында керектүү документтерди чогултуп, таанышуу сынагынан өтүп, Жон Кеннеди атындагы Гарвард мамлекеттик башкаруу институтунун мамлекеттик башкаруу боюнча магистр даражасына өткөн. Окуу программасы бир жылдык жана гранттык негизде жүргүзүлөт.

«Гарвард университети — дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайлардын бири. Мындай мүмкүнчүлүк өмүрүңдө бир жолу келет, ал эми мени колдоп жаткан башкармалыкка ыраазычылык билдирем. Ушуга байланыштуу жакынкы аралыкта Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалык ыйгарым укуктарын өткөрүп берем», — дейт Дастан Догоев.

Ошол эле учурда ал, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн санариптештирүү боюнча саясатын жана стратегиясын ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири экендигин белгиледи.

«Санарип Кыргызстан — 2019-2020» санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасында каралган иш-чаралардын аткарылышы республикага мамлекеттин, коомдун жана жарандын өз ара аракеттенүү тутумун сапаттуу өзгөртүүгө, ошондой эле бир гана региондордо эмес өлкө боюнча атаандаштыкты жогорулатууга мүмкүндүк берерин айтат.

«Бүгүнкү күндө санариптештирүү максатына жетүү үчүн бардык зарыл болгон ресурстар менен камсыздалды, тиешелүү база түзүлдү, санариптик трансформациянын натыйжалуу системасы иштелип чыкты, мамлекет, жеке сектор жана донордук коомчулуктун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлине жеткирилди. Президент, «Санарип Кыргызстан» концепциясын ишке ашыруунун алкагында волонтёрлордун санариптештирүү боюнча кеңешчиси болуу ишенимин көрсөттү, эми мен ушул багытта иш алып барам», — дейт сөзүн аягында Дастан Догоев.

Эң көп окулган жаңылыктар