18:45
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Дастан Догоевдин кызматтан кетүүгө арыз жазганы айтылууда

Мамлекеттик маалымат технологиялар комитетинин жетекчиси Дастан Догоевдин кызматтан кетүүгө арыз жазганын бир катар ЖМКлар жазып чыгышты.

Бирок анын арызын азырынча өкмөт башчы кабыл ала элек.

Айрым маалыматтарга караганда Дастан Догоев чет өлкөдө билимин улантууга камынууда.

Белгилей кетсек, учурда радио жыштыктарды сатуу ишине байланыштуу кылмыш иши иликтенүүдө. Дастан Догоев дагы бул иштин алкагында суракка алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар