21:59
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Марат Жанталиев менен коштошуу зыйнаты 11-июнда өтөт

Белгилүү актер, куудул, элге «Бопуш» деп таанылган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев кечээ каза болду.

Аны менен коштошуу зыйнаты 11-июнда саат 09:00дө болот.

Сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилет.

Марат Жанталиев 59 жашта болчу. Ал Нарын облусунун Кара-Кужур өрөөнүндөгү Лахол айылында туулган. Москва шаарындагы Кинематографиялык институтту бүтүргөн. Марат Жанталиев көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенип келген.

Бир топ тасмаларга тартылган. Акыркы толук метраждуу тасмасы «Саякбай» тасмасында манасчы Саякбай Каралаевдин ролун жараткан.

Эң көп окулган жаңылыктар