12:53
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Туристтердин эсине. Ысык-Көлгө кирүү тартиби өзгөрдү

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын кире беришиндеги «Ак-Кеме» постунда айрым эрежелер өзгөрдү. Бул тууралуу Тоң районунун администрациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 08:00дөн баштап Тоң районунун тиешелүү органдарынын өкүлдөрү постто кезекке турушат.

«Ысык-Көлдүн кире беришинде айрым эрежелер өзгөрдү. Мисалы, башка аймактардан келгендердин дене табы гана текшерилет. Буга чейин бардыгын бирден каттап, тизмелери райондорго жана шаарларга жөнөтүлүп турган. Чет өлкөдөн келген чет өлкөлүк жарандар жана жергиликтүү тургундар дагы кылдат текшерүүдөн өтүшөт. Аймактын тургундарын унаа менен алып кетишет. Постто 15 адам нөөмөткө турушат», — деп айтылат билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар