14:06
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Миллиардердин уулун сүзүп өлтүргөн кыргыз жараны эркиндикке чыкты

Москвадагы миллиардердин 22 жаштагы уулун мотоцикл менен сүзүп өлтүрүп алган кыргыз жараны эркиндикке чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

«Москва шаардык сот, Москвалык миллиардер Владимир Маргуновдун 22 жаштагы уулун мотоцикл менен сүзүп кеткен кыргыз жараны Исламбек Акбаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, экиндикке чыгаруу чечимин чыгарды. Буга чейин райондук сот 2020-жылдын 31-январында айыпталуучуну эки жылга эркинен ажыраткан», — деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, кыргыз жараны Москва шаарында миллиардердин 22 жаштагы уулун мотоцикл менен сүзүп кеткен. Натыйжада бала каз болгон. Бул тууралуу Россия телеканалынын алып баруучусу Андрей Малаховдун ток-шоусунда талкуу жаралып, кыргыз диаспорасы барып кечирим сураган.

Эң көп окулган жаңылыктар