19:10
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Кыргыз циркиндеги жаныбарлар ачкалыктан таштандынан тамак издешет

Каскадер, жаачы Асланайым Аширова кыргыз циркиндеги жаныбарлардын аянычтуу абалын көрсөткөн видео жарыялады.

Анын айтымында, жаныбарлар цирктин короосунда кароосуз эле жүрүшөт. Ачкалыктан таштандынан тамак издешет.

«Маданият министри циркти көрмөкчү болгондо жетекчилик шашылыш түрдө акча таап жаныбарларды сатып келген. Ошондо эле мен жаныбарлар кароосуз каларын билгенмин. Мына эми булар короодо, ачка, кир, кейиштүү абалда жүрүшөт», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар