02:23
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Орусияда Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары мушташты

Санкт-Петербург шаарындагы «Лахта-борбор» курулуш аянтчасында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, жыйынтыгында 380 киши полиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу ВЧК-ОГПУ телеграм-каналы кабарлады.

Маалыматка караганда, мушташ 3-июнь күнү кечинде «Лахта-борбордун» ашканасында башталып, кийин көчөдө уланган.

Тажикстандык мигранттар «Озоди» радиосуна жөнөткөн видеого ылайык, мушташ маалында тараптар арматуранын бөлүктөрүн, таштарды жана курулуш шаймандарын да колдонушкан.

«Жыйынтыгында бир кыргызстандык ооруканага жеткирилди. 380 киши кармалып, мушташтын төрт ыктымал уюштуруучусу аныкталды», — деп жазды ВЧК-ОГПУ.

Полициядан алардын төртөө тең Кыргызстандын жарандары экенин, баары камакка алынганын кабарлашты. Кармалган башка мигранттардын тагдыры боюнча маалымат жок.

«Газпромнефть Чыгыш-Европалык долбоорлор» компаниясына таандык «Лахта-борбор» курулуш антчасында миңдеген мигрант, анын ичинде Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар