23:25
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Москвада 11 адамды сүзүп кеткен кыргызстандык 16 жылга эркинен ажыратылды

Москва шаардык соту кыргызстандык Бекжан Сарбишевди 16 жыл эркинен ажыратты. Бул тууралуу Россиянын басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка таянсак, Бекжан Сарбишев мыйзамдын негизинде күнөөлүү деп табылып, 16 жыл түрмөдө жазасын өтөйт.

Ал Москванын «Марьино» метросунда таанышынын унаасы менен жөө адамдарды сүзүп кеткен. Кырсыкта жалпы 11 адам жапа чегип, алардын ичинен бирөө көз жумган. Жабыркагандардын көпчүгү кыргыздар.

Кырсык болгон 2018-жылдын 9-сентябрында Бекжан Сарбишев карындашынын туулган күнүн белгилеп, кафеде чыгып баратып, башка мекендештер менен айтыша кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума