14:30
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Мариуполду оңдоп-түзөөгө кыргызстандыктар да тартылды

Мигранттардын Телеграм-каналдарында жумушка чакырган жарыялар байма-бай чыгууда. Мариуполду «коопсуз» деп сыпаттап, 100 миң рублге чейин берүүнү убада кылган билдирүүлөр бар.

Адистер Орусия күч менен басып алган шаарга барып иштөө мыйзамсыз жана өтө кооптуу экенин эскертишет.

Орусия басып алган Украинанын Мариупол шаарын калыбына келтирүү иштерине кыргызстандыктар да тартыла баштаганы акыркы кезде көп чыгып жаткан жарыялардан улам байкалат.

Мигранттар көп кирген Телеграм-каналдарда 80-100 миң рублдик маяна убада кылган жарыялар байма-бай чыгып жатат. Анда жатакана, кийим-кече акысыз деп белгиленип, «ал жакта уруш болгон жок, окоптун жанына такта кагылат» деп жазгандарды да окуса болот.

Эң көп окулган жаңылыктар