00:47
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

8-февралда Душанбе-Үрүмчү аба каттамы жанданат

Душанбе-Үрүмчү багыты боюнча түз аба каттамдары 8-февралда калыбына келтирилет. Тажикстан менен Кытайдын ортосундагы авиакаттам 2020-жылы апрелде коронавирус пандемиясына байланыштуу токтотулган.

1-февралда «Сомон Эйр» авмакомпаниясынын башкы директору Абдулкосим Валиев учак Душанбе-Үрүмчү багыты боюнча жумасына эки жолу каттай турганын маалымдады. Анын айтымында, бир каттамды «Сомон Эйр» авиакомпаниясы, бирөөнү кытай компаниясы аткарат.

Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Дилшод Сафарзода Тажикстан менен Кытай түз аба коридорун ачуу боюнча бир чечимге келе электигин, буга байланыштуу эки өлкөнүн авиакомпаниялары Кыргызстандын аба мейкиндигин колдонорун белгиледи.

Сафарзода «Озодинин» журналистинин суроосуна жооп берип жатып, Кытайга учуу үчүн Кыргызстандын аба мейкиндигин колдонууда кандайдыр бир маселе жок экенин айтты.

Душанбе-Үрүмчү багытындагы каттамдар Кытай COVID-19га байланыштуу чектөөлөрдү алгандан кийин жанданууда. Бул каттамды өзгөчө ишкерлер күтүп жатышат. Тажикстандык ишкерлер Кытайга Орусия аркылуу учууга мажбур болуп жатышканын, бул биртоп машакат экенин белгилешет.

Эң көп окулган жаңылыктар