14:19
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Баткенде жана Жалал-Абадда жер титиреди

Кыргызстандын аймагында бир суткада эки жолу жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдайт.

29-мартта саат 10:51де жердин титиреши Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Беш-Бадам, Кызыл-Гава айылдарында беш балл, Базар-Коргон, Масы, Үч-Булак, Кызыл-Октябрь айылдарында 4,5 балл, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында 3,5 балл болду.

Ушул эле күнү 16:04тө Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Шахимардан айылында 2,5 баллга чейин сезилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума