09:29
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 33кө жетти

Казакстан Саламаттык сактоо министрлиги 17-март күнү кечинде коронавирус жугузган дагы бир киши аныкталганын билдирди. Муну менен өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 33кө жетти. Алардын 15и Алматыда, 18и Нур-Султанда дарыланууда.

Жагдай оорлоп кеткенине байланыштуу 19-марттан тартып Алматы жана Нур-Султан шаарларында карантин күчүнө кирет.

Ага ылайык, аталган шаарларда адамдардын ары-бери жүрүшү чектелет. Коомдук транспорт каттамы азайтылып, өлкөгө кирген-чыккан автотранспорт да чектелип, көзөмөлгө алынат.

Мындан тышкары Казакстанда 16-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал дагы күчүндө.

Эң көп окулган жаңылыктар