Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын капитаны Валерий Кичин орусиялык «Торпедо-Москва» футбол клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу ал өзү инстаграм баракчасында билдирди.
Валерий жаңы клубда жыйынтык көрсөтүүгө даярдыгын белгилеген.
««Торпедо-Москва» клубуна кошулууга даярмын. Жыйынтык чыгарууга болгон мүмкүнчүлүгүмдү жумшайм. Жаңы тарых. Жаңы жетишкендик», — деп жазган ал.
Кичин буга чейин «Динамо Минск» клубунда ойногон.