10:36
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Казак бийлиги Айсултан Назарбаевдын атын жана абалын пайдалангандар бар дейт

Казак бийлиги Айсултан Назарбаевдин баңги затка көз-каранды экендигин белгилөөдө. Бул тууралуу Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев жергиликтүү ТВга маегинде билдирди.

Ал Айсултандын постторуна эмес, анын саламаттыгына тынчсыздануу керектигин айтты.

«Мен бул посттор айрым адамдардын манипуляциясынын астында жазылганын так айта алам. Өкүнүчтүү, бирок бүгүнкү күндө Айсултандын атын жана анын абалын пайдалангандар чыкты. Ачык эле айтайын, ал көп убакыт бою баңгизатынын таасиринде жүргөн», — деген министр.

Белгилей кетсек, Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Улуу Британиядан башпаанек сурады.

Эң көп окулган жаңылыктар