22:21
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кордайдагы жаңжал. Facebook жана WhatsApp аркылуу улут аралык кастык козутулган

Казакстандын Кордай районунда жаңжал алдында социалдык тармак аркылуу улуттук кастыкты козуткан билдирүүлөр таркатылган. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Алардын маалыматында, Алматы шаарынын тургуну «Фейсбук» аркылуу элди улут аралык кастыкка тукурган. Тараз шаарынын тургуну «Вотсап» аркылуу улут аралык чатакка үндөгөн".

Башкы прокуратура шектүүлөр кармалганы же издөөдө жүргөнү тууралуу маалымат бере элек.

Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунда 7-февралда этнос аралык чыр чыккан. Чатакта он адам каза болуп, жүздөн ашык адам жаракат алган. 30 турак үй, 15 соода жайы жана 23 машине өрттөлгөн. Миңдеген дунгандар Кыргызстанга качып өтүшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар