09:25
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жээнбеков Токаевге Кыргызстан жардам берүүнү уланта берерин билдирди

Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчылары Казакстандын Кордай районунда түзүлгөн абалды талкуулады.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин атынан Кордай районунда болгон окуянын кесепетинен курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тез айыгып кетүүсүн каалады.

«Президент Кыргызстан оор мезгилдерде боордош казак элине ар дайым жардам берип келгенин жана жардам берүүсүн уланта берерин белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар